Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү бул кырсыктан учурда беш миллионго жакын адам кыйынчылыкта күн кечирүүдө. Алар негизинен ичүүчү сууга, дары-дармектерге жана тамак-аш азыктарына муктаж. Мындан сырткары чөлкөмдө ар кандай жугуштуу илдеттердин жайылып кетүү коркунучу туулууда.
Таиланддын премьер-министри Тхаксин Шинаватр бийлик жугуштуу ооруулардын жайылып кетпөөсү үчүн колдон келген бардык чараларды көрүп жатканын билдирди:
-Биз кырдаалды көзөмөлдөп турабыз жана Таиландда оорулардын жайылышына жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүп жатабыз. Элге эмне кылуу керектиги түшүндүрүлүүдө. Курман болгондордун жасатын жыйноо үчүн да кишилерди жөнөттүк. Иши кылса оорулардын таралып кетпөөсү үчүн зарыл делген чаралардын баары көрүлүүдө.