Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

ИРАКТА ШАЙЛОО ЖАКЫНДАГАН САЙЫН КЫРДААЛ КУРЧУП БАРАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Иракта шайлоо жакындаган сайын козголоңчулардын кол салуусу күчөйт деген божомолдор акталууда. 3-январь күнү эртең менен Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Аяд Аллави жетектеген партиянын штабынын алдында кандуу окуя болду. Жанкечти бомба коюлган автомашинаны жардырып, анын натыйжасында үч адам каза таап, 25 тургун жаракат алышты. 2-январда болсо Ирактын өкмөтү 23 жоокеринен айрылды. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кол салуулар күчөгөнүнө карабай шайлоо мерчемделген күнү өтүүгө тийиш деп билдирди.

Жанкечти дүрмөттөлгөн бомбасы бар автомашинаны Аллавинин партиясынын кеңсесинин оозунан жардырып отурат. Андан полициянын эки кызматкери жана бир тургун каза таап, дагы жыйырма бештей адам жаракат алышты. Премьер-министрдин өзү жана анын кеңсеси жапа чегишкен жок. Жардыруу Аяд Аллави шайлоого анын партиясынан кимдер талапкер болоорун журналисттерге жарыяламакчы болуп жатканда жасалды.

Козголоңчулардын кол салуусу шайлоо жакындаган сайын күчөп баратат. Бутага негизинен Ирактын улуттук гвардиясы алынууда. Абалдын оорлой тургандыгын мурда эле Ирактын убактылуу өкмөтү эскерткен болчу. 2-январда болсо Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл да саясий өнөктүккө карай кырдаалдын курчуй тургандыгын айткан. “Кандай болгон күндө да 30-январга белгиленген шайлоо өз маалында өтөт” деди Пауэлл Багдаддын түндүгүндөгү Балад шаарында болгон кандуу окуядан кийин.

Анткени ошол эле жекшембиде Баладда бомба коюлган автомашинасы менен жанкечти Ирактын улуттук гвардиясынын жоокерлери түшүп бараткан автобусту сүзүп, анын натыйжасында чоң жарылуу болду. Окуяны өз көзү менен көргөн жоокер кандуу капсалаңды минтип сүрөттөдү:

– Кол салуу эртең менен саат сегизде Сеид Мухаммед көчөсүндө ишке ашты. Улуттук гвардиянын көп жоокерлери жумушка автобус менен жеткирилчү, бул жолку жардыруудан 25 аскер каза тапты.

Кийин такталган маалыматтар боюнча жардыруудан 25 эмес, 23 аскердин жаны кыйылган экен. Бул акыркы 4 айдагы эң кандуу окуялардын бири болуп калды.

Ирактын улуттук гвардиясына удаама-удаа минтип чабуул жасоо менен козголоңчулар алдыдагы саясий өнөктүктү үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатышат. Козголоңчулар – алар негизинен сунниттердин өкүлдөрү – полиция кызматкерлерине, чиновниктерге жана шайлоо кызматкерлерине күнү кур эмес кол салышууда.

Буга чейин Багдаддын түндүгүндөгү Дайалла аймагында өкмөттүн эки өкүлү каза табышты, ал эми жекшембиде полициянын майору кол салуунун курмандыгы болду. Ал эми Тикрит шаарында ошол эле 20-январда шайлоо комиссиясынын кеңсесине эки ирет ракетадан аткылоо уюштурулду.

Шаркат шаарында да шайлоо өнөктүгүнө пайдаланылып жаткан өкмөттүк кеңседе жардыруу жасалган эле. Бейжи шаарында шайлоо комиссиясы жандарын сактап калуу максатында иши токтотууга да аргасыз болду.

Мындайды токтотуу максатында улуттук гвардиянын аскерлери өткөн аптада 228 адамды кол салууларга шектүү деп камакка алган. Эми андан кийин козголоңчулар өлкөдө тартипти сактоого аракет кылып жаткан ички армиянын өзүн чабуулга ала баштады.

30-январда өлкөдө эркин шайлоо өтөт жана анда 275 мүчөсү бар убактылуу элдик жыйын же парламент куралат. Ал болсо Ирактын туруктуу конституциясын иштеп чыгып, жаңы президентти шайлоого көмөктөшмөкчү. Өлкө азыр убактылуу конституция менен, жана убактылуу өкмөт менен жашап жатат.

Кошмо Штаттардын бийлиги Ирактагы шайлоодо коопсуздукту сактоо негизинен Ирактын өзүнүн өкмөттүк күчтөрүнүн мойнуна жүктөлүп жатканын, керек учурда гана америкалык аскерлер жардам берээрин айтышууда. Бирок талдоочулар жагдай өтө эле курч экендигин, эгер сунниттер шайлоо күнү ири көтөрүлүшкө чыкса аларды шииттер да колдоп кетиши ыктымал дешет:

– Сунниттер келечекте Ирактын саясатында азчылыкты түзүп калабыз деп азыртан эле коркуп жатышат. Алар ошондон улам шайлоодон четтеп гана тим болбой, ич ара согуштун отуна май бүркүп жатышат, – дейт Эларалык кризисттик топтун кеңсеси Амманда жайгашкан аймактык бөлүмүнүн эксперти Жуст Хилтерманн.

Сунниттердин башкы саясий партиясы шайлоого катышпай тургандыгын өткөн аптада билдирген болчу. Алар жаңы кабыл алына турган туруктуу конституцияны да эмитеден эле тааныбай тургандыгын да айтышууда. Бирок сунниттердин азыркы убактылуу өкмөттөгү өкүлдөрү, так айтканда убактылуу президент Гази аль-Явар сунииттерди шайлоого катышууга үндөөдө.

XS
SM
MD
LG