Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Келерки өкмөттүк курамга өз алдынча башкаруу министрлиги жаңы кошулат


БИШКЕК. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы парламенттик шайлоодон кийин түзүлө турган келерки өкмөттүн курамына өз алдынча министрлик катары кирери күтүлүүдө. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Төрөбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, эгер министрлик түзүлсө, курамы 30 чамалаш кишиден туруп, ал 472 айыл өкмөттөрүнө, 24 шаарга таандык маселелерди чечүү милдетин мойнуна алат. Мындан тышкары башка министрликтердеги жергиликтүү башкаруу тармагына таандык ички миграция өңдүү маселелерди өзүнө алат. Белгилеп койчу жагы, министрлик түзүлөрү тууралуу октябрь айында өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 10 жылдыгында сүйлөгөн сөзүндө президент Аскар Акаев жарыялаган. Бирок, министрлик түзүү тууралуу жардык чыга элек.

XS
SM
MD
LG