БИШКЕК. «Адилет» партиясы парламенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтүү максатында жакынкы күндөрү өзүнүн кезектеги курултайын өткөргөнү жатат. «Адилеттин» тең төрагасы, биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиевдин билдиргенине караганда, партия шайлоонун конституциялык тартипте өтүшү үчүн күрөшөт, бирок, тигил же бул саясий партия менен бирдиктүү блок түзүү ою жок, партиянын учурда 33 миң мүчөсү бар. Буга чейин экинчи теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев шайлоо блогун түзүү багытында президенттин реформасын жактаган «Алга, Кыргызстан!», «Менин өлкөм» өңдүү партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдаган.