Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

Иракта чабуулдар күч алууда


Бүгүн эртең менен премьер-министрдин кеңсесинин жанында машина жардырылып, үч киши, анын ичинде эки полиция кызматкери мүрт кетти. 25и жарадар. Кол салуунун мезгилинде Ирактын өкмөт башчысы Аяд Алави башка жакта жүргөн.

Мосул шаарында башы кесилген кишинин денесинде катылган бомба жарылганда, бир полиция каза болду. Балдда дүрмөттөлгөн машинанын жарылуусу Улуттук Гвардиянын алты кызматкеринин өмүрүн алды. Ал эми Байжи шаарында куралчандар күзөттө турган эки полициячыны атып кетишти.

XS
SM
MD
LG