Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

ОТСТАВКАГА КЕТҮҮ КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КУТУЛТАБЫ?..


Чолпон Орозобекова, Бишкек Буга чейин парламент депутаттары жана айрым оппозициячыл күчтөр маал- маалы менен өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып келишкен. Соңку жолу айрым депутаттар паспорт чатагына байланыштуу дагы бир ирет отставканы талап кылды. Байкоочулардын баамында, кыргыз өкмөтүнүн отставкасы жакындап калгандай. Бирок, айрым талдоочулар мыйзамга ылайык эмки бир палаталуу парламент ишке киришкенде өкмөт жаңылана турган болгондон кийин өкмөттү отставкага кетирүүнүн кажети жок деп санашат.

Азыркы өкмөттүн отставкага кетишин кыргыз парламенти буга чейин да бир нече ирет талап кылган. Эл өкүлдөр жыйыны бул маселени сессияда карап, үч добуш гана жетпей калганы өкмөттү сактап калган. Ал эми мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөттүн отставкасы жөнүндө сөз талкуу учурунда айрым депутаттар тарабынан байма- бай эле айтылып келет. Соңку ирет жыл жаңырар алдында паспорт чатагына байланыштуу депутаттар Николай Танаев баштаган өкмөттү ыйгарым укугун тапшырсын деп чыкты. Бирок, көпчүлүк талдоочулар парламент тараптан мындай демилгелерди көнүмүш жана мыйзам ченемдүү нерсе катары кабыл алды. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламент өкмөттү дал ушундай талаптары менен бир дымакта кармап турушу керек деп санайт. Анын пикиринде, ошол эле учурда азыркы өкмөттүн ийгиликтерине көз жумуп койгонго болбойт. Эгерде азыркы өкмөт бийликтен кетсе анда оппозициянын катары гана жаңыланышы ыктымал деп боолголойт. Депутат Таштанбековдун айтымында, оппозициянын катарында экс- министрлер жана мурдагы өкмөт башчы да жүргөндүктөн, азыркы өкмөт бийликтен четтетилсе оппозициянын катары калыңдайт же ушул эле адамдар кайра өкмөткө келет.

Николай Танаев Аскар Акаевдин бийлиги убагындагы онунчу премьер- министр. Көпчүлүк байкоочулар анын өндүрүшчү жана курулушчу катары зор тажрыйбасын баса белгилеп жүрөт. Ошондой эле саясий дымагынын жоктугу, эч бир саясий партия жана кыймылдар менен алакасынын жоктугу ага өкмөт башчы катары ого бетер салмак берерин айтып келишет. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашевдин пикиринде, Николай Танаевдин өкмөт башчы болушу анүчүн күтүүсүз эмес. «Аскар Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиев өкмөт башчы болгондон кийин анын жанында Николай Танаевдин бул кызматка келиши мен үчүн күтүүсүз эмес» дейт Муратбек Мукашев.
Мыйзам боюнча өкмөттү отставкага кетирүү жана өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин бекитүү Эл өкүлдөр жыйынынын милдетине кирет. Муратбек Мукашевдин айтымында, ушул айда Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы чакырылса таң калбайт, себеби өкмөттүн тагдыры чечилиши ыктымал:
Январдын ичинде Эл өкүлдөр жыйынынын дагы бир сессиясы болуп кетсе мен таң калбайм. Эмки парламент апрелде жумушка келет, регламентти тактаганча бир ай өтөт. Ал эми преизденттик шайлоонун болор күнү болсо алты ай мурда парламент тарабынан бекитилиши керек. Азыр өкмөттүн парламентке ат салыша турган мүчөлөрү кызматын тапшыра баштады. Өкмөттүн курамынын алмашышына ушул жагдай да таасирин тийгизет. Жергиликтүү башкаруу министирлиги да пайда болду. Ушул жагдайлардан улам ушул ай ичинде өзгөрүү болуп кетсе мен таң калбайм,-дейт Муратбек Мукашев.
Айрым байкоочулардын баамында, өкмөттүн отставкасын парламент канча ирет талап кылса да, президент тараптан ишаарат болмоюн өзгөрүү болбойт. Эгер парламенттик шайлоо алдында бийликтин жогорку тепкичиндегилер үчүн өкмөттү жаңылоо кажети бар болсо, Эл өкүлдөр жыйыны ушул айда сессияга чогулат деген божомол бар.
Мыйзам боюнча жаңы парламенттин артынан жаңы өкмөт келиши керек. Андай болоруна саналуу гана айлар калгандан кийин өкмөттү ордунда калтыруу керек дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курманов:
-Мен өкмөттүн отставкага кетишине каршымын. Бардыгы өз ирети менен болушу керек. Парламент шайланган соң өкмөт ансыз деле отставкага кетиши керек. Ага аз эле убакыт калды, шашуунун кажети жок. Ордунда калтырып туруп маселенин аягына чыккан оң да. Эгер өкмөт отставкага кеткен күндө да, ушул эле адамдар башка папкелерди кучактап өкмөттүн курамына кайра эле келип алышат, -дейт Зайнидин Курманов.
Анын пикиринде, өкмөт отставканын аркасы менен далай мамчиновниктер жоопкерчиликтен качып кутулду. Бу жолку паспорт чатагы боюнча да отставканын аркасы менен күнөөлүүлөр жоопко тартылбай көмүскөдө калып калат.

XS
SM
MD
LG