Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

ОРУСИЯГА КЕЛИП КЕТҮҮ ЧЕТ МАМЛЕКЕТКЕ БАРУУ ҮЧҮН ПАСПОРТУ БАРЛАРГА ГАНА МҮМКҮН


Муса Мураталиев, Москва Орусиялыктардын Шериктештик мамлекеттер ортосунда визасыз барып келүү келишимге кол койгон өлкөлөргө каттоосу 1-январдан тартып чет мамлекетке баруу үчүн берилген паспорт, дипломатиялык паспорт жана кызматтык паспорт, ошондой эле моряктык паспорт негизинде жүрүүчү болот. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөр атуулдарынын Орусияга келип кетүүсү да чет мамлекетке баруу үчүн берилген паспорттун негизинде жүрөт. Орусиянын тышкы иштер министрлиги билдиргенге караганда, мындай кадам баарыдан мурда КМШ өлкөлөрүндөгү террорчулук менен, жашырын миграция, ошондой эле чиновниктердин кызмат ордунан пайдаланып пайда таап атышы менен күрөшүүдөн улам жазалган.

Украинада президентти шайлоо өтүп атканда ага орусиялык президенттин улам кийлигишүүсү Шериктештик мамалекеттер арасындагы катнашка жаңылык киргизген. Ал күндөрү Путин украиналык сыналгы аркалуу эки эл атуулдарынын келип кетип жүрүүсү визасыз жана демейдегидей үч күнгө эмес үч айга каттоосуз болот деп айткан.

Ошол мүнөтөн тартып орусиялык бул багыта иштеген кызматкерлер мыйзам даярдап ал кабыл алынып, акыры анын этегине президент 25 -октябрде 2004 – жылы кол койгон. Бир жери украиналыктар кирип кетип туруусу оңой болуп калганы менен орусиялыктар өз мамлекет ичинде ары-бери каттоосу мурдагы боюнча калган. Ал улуу кепке айланып баратканда мыйзамга өкмөт мыйзамга толукутоо киргизген.

Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Андрей Черненко ал мыйзам тууралуу мындай деген эле:

Бул мыйзам чет элдик атуулдарга жана атуулдугу жокторго Орусияга беймыйзам кирүүсүнө, чет элдик атуулдарды алып келүүсүнө ошондой эле Орусия жеринде беймыйзам жүрүп алгандарга жоопкерчилик артуу багытында болот. Андайларды 2 жылдан 5 жылга дейре кесүү болот, - деген эле.

Азыркы тушта Шериктештикке кирген өлкөлөрдөн өздөрү келип иш издеп жүргөн мигранттарды четинен кармап өз өлкөсүнө кайра чыгарып салуу жумушу жүрүп атат. Ал эми паспорту жокторго алардын ким экени дайын болгонго дейре киши чыдагыс жайда кармап туруу башталды. Маселен, “Азаттыктын” Карснодардагы кабарчысы Евгений Новожиловдун билдиргенине караганда:

Хатансое хутордо беймыйзам келип алган кишилерди кармачу лагерь уюшулду. Анын ачылышына Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев баш болгон крайдын коопсуздук советинин кызматкерлери катышышты, - деди биздин кабарчы.

Ал лагерде болуп кайткан жергиликтүү укук коргоочу Татьяна Рудакованын айтканына караганда, талаа жеринде бетон менен тосулган коруктун ичине тигилген чатырларда кармалып жаткан мигранттар абалы оор:

Жашоо үчүн эч кандай шарт жок. (Лагерь – ММ) ачтык деп ооз көптүрө жар салышканы менен мен муну адам укугун тебейлеп тепсөө деп эсептеймин, - дейт Рудакова айым

Ошол эле учурда орусиялыктар ары бери жүрүүсүндө да кыйла түйшүк пайда болууда. Шериктештик өлкөлөрүнө каттоо бул жакта калсын, Калининград обулусуна барып келүү үчүн, ал жакка Литва жери менен өтүүгө туура келгендиктен, орусиялыктардан чет мамлекетке баруу үчүн берилчү паспорт талап кылынууда. Рига вокзалында жолуккан тестиер кыз мындай дейт:

Үйдөгүлөрүм мага чет мамлекетке баруу үчүн берилчү паспорт жасашты. Антпесе литвалыктар мени Москвага өткөрбөй коймок. Азыр ушундай мыйзам жасашыптыр, эгерде менин чет мамлекетке баруу үчүн паспортум жок болсо мени эч жакка чыгарышпайт, - дейт тестиер кыз.

XS
SM
MD
LG