Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

ТАБИГЫЙ АЛААМАТТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИН ЖҮГҮН ИНТЕРНЕТ ЖЕҢИЛДЕТТИ


Дүйнө коомчулугун жаңы жыл алдында дүрбөлөңгө салган Түштүк-Чыгыш Азиядагы табигый алаамат жүз миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Андан сырткары жакындарын жоготкон дагы миңдеген кишилер ар башка өлкөлөрдө кабар күтүп бушайман болууда. Дал ушул ири алааматтын тегерегиндеги кырдаалда Интернет, чөнтөк телефон өңдүү байланыш технологиялары мурда болуп көрбөгөндөй баалангыс кызмат аткара алды. Дүйнөнүн ар башка аймактарынан Интернетке чыгып, океан ташкынына кабылган адамдар тууралуу кабар гана албастан, жапа чеккен кишилерге банкка барбай туруп эле жардам көрсөтүү өнөктүгү да колго алынды. Жаңы жыл алдында катуу жер титирөөдөн башталып, топон сууну ала келген жаратылыш кырсыгы чыныгы эл аралык алааматка айланды.

Инди океанынын албууттанган толкуну 11 өлкөнүн жээктерин жалмап, жүз элүү миңдей адам өмүрүнөн ажырады, андан сырткары миңдеген кишилер дагы эле жакындарын таппай, убара. Ушундай күтүүсүз келген оор кырдаалда дүйнөлүк маалымат тору – Интернет - Түштүк-Чыгыш Азияда болуп жаткан окуялардан толук кабар берип турчу эң башкы түйүнгө айланды. Ага чейин тамак-аш даярдоо, же үйдү жасалгалоо жагына адистешкен Интернет-сайттардын көбү заматта мазмунун өзгөртүп, дүйнө коомчулугунун көңүлү тигилген табигый алаамат тарапка бурулду. Андай сайттардын бири – Индияда жайгашкан tcunamihelp. blogspot.com форумун ачсаңыз, Түштүк-Чыгыш Азиядагы кырсыктан аман-эсен кутулган адамдардын, тууган-досторун издеген кишилердин эмеле жазган каттарын окуй аласыз.
Интернеттин эң башкы артыкчылыгы – дүйнөнүн булуң-бурчунда отуруп алып, каалаган аймак менен дароо байланышуу мүмкүндүгү дал ушундай ири алаамат маалында баалангыс кызматка айланды.


Британиялык компьютердик технология боюнча кеңешчи Эшли Фриедлейн ушу тапта көпчүлүк кайрымдуулук корлору да акча-каражатты дал ушул Интернет аркылуу топтоп жатканын белгилейт. Лондондук адистин айтымында, Европалык жеке донорлор Түштүк-Чыгыш Азияда чоң кыйынчылыктарга кабылган калкка жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук уюмдарынын эсебине Интернетти ачып туруп эле кредиттик картасынан тийиштүү акча которуп жатышат.

-
Интернеттин башкы баалуулугу, мисалы, Британияда элдин жарымы үйүндө отуруп алып интернетке чыга алышат, бул көрсөткүч да күн санап өсүүдө. 24 саат бою каалаган учурунда Интернетти ача коюп, табигый алаамат болгон аймактардан алынган акыркы кабарлар менен таанышып, почта, же телефонду пайдаланбай туруп эле дароо интернет аркылуу өз акчалай жардамын жөнөтсө болот.

Бул Интернет желеси эбак жайылган Британиялык адистин пикири. Ал эми Чехиялык "АДРА" аттуу кайрымдуулук кору океан ташкынынан жапа чеккендерге чөнтөк телефон аркылуу акча чогултууда. "АДРА" өткөн аптада зымсыз байланыш компаниясы менен келишим түзүп, бардык кардарларга кайрылуу катын жөнөткөндөн бери эле 500 миңдей адамдан жооп алып, 500 миң АКШ долларынан ашык акча топтой алыптыр. "АДРАнын" өкүлү Витеслав Вөрст буларды билдирди: "Биз баштаган кампания түшкө кирбеген эле бир ишке айланды. Ушу тапта ар бир секунд сайын жаңы каттар келип түшүп, саат сайын биз 100 миң крондой акча, же 4300дөй доллар чогултуп жатабыз", - дейт Прагалык кайрымдуулук корунун өкүлү.



Өткөн аптада Швециялык бир киши Таиландга апасы менен эс алганы кеткен 1 жарым жашар баласынын сүрөтүн Интернетте жарыялай коюп, эки күндөн кийин кичинекей чүрпөсүн таап алып сүйүнгөнүн айтпа!

Айтор, саат сайын өнүгүп бараткан маалымат технологиясы азырынча миңдеген адамдарды бактысыз кылган жаратылыш кырсыктарын токтото албаса да, алардын кесепеттерин жоюу ишине зор салым кошууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG