Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

5-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Гидрометеорология борборунун кабарлоосу боюнча (эртең, бүгүн) 5-январда Кыргызстандын кээ бир аймактарына кар жаап, Талас, Чүй, Ош, Баткен, Жалалабад облустарына туман түшөт.

Абанын температурасы:
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -2...-7, түндүк тарабында -7..-12 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
Ал эми республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +2ден...+7 градуска жылуу болот.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн -2...-7 градус, чыгыш тарабында -5...-10 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градус суук.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус суук, күндүз +1...+3 градус жылуу.
Бүгүнкү күндүн узактыгы 9 саат, 10 мүнөт.
Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана областтык кабарчылар даярдады.
Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG