Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Депутаттыкка талапкерлер катталууда


БИШКЕК. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча он эки адам Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары округдук шайлоо комиссияларына өз документтерин тапшырышты. Анын ичинде Нарында үч, Жалалабадда эки, ал эми Бишкекте 7 адам документ тапшырган. Бул тууралуу 4-январда «Азаттыктын» кабарчысына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нина Мухина билдирди. Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 21-декабрдан 18-январга чейин улантылат. Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоо 27-февралда өткөрүлөт. Депутаттык шайлоого үгүт өнөктүгү 2-февралда башталып, 26-февралга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG