Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Кыргызстандын экспортунун көлөмү өстүбү?


БИШКЕК.Кыргызстандын 2004-жылдагы тышкы соодасынын жалпы көлөмү 1 миллиард 347 миллион долларды түздү. Анын ичинде «Кумтөр» алтын комбинатын кошкондо тышка чыгарылган экспорттун көлөмү 590 миллион долларды, ал эми импорттун көлөмү 756 миллион долларды түздү. Жыл ичиндеги тышкы соода балансынын тартыштыгы «Кумтөр» алтын комбинатын кошкондо 413 миллион доллар болду. Мындай маалымат 4-январда Улуттук статистикалык комитеттен алынды. Ал эми президент Аскар Акаев 26-декабрда Улуттук телевидение аркылуу көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берген маалда 2004-жылы экспорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 40 процентке өстү деп билдирген болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG