Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

СОЦИАЛДЫК ФОНДДУН БЮДЖЕТИ ЖАКТЫРЫЛДЫ


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 4-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Социалдык фонддун 2005-жылга бюджетин жактырды. Депутаттарга бюджет жөнүндө фонддун төрагасы Ахматбек Келдибеков маалымат берди.

Социалдык фонддун төрагасы Ахматбек Келдибековдун маалыматына караганда, быйылкы жылы пенсионерлердин маянасы 9.5% көтөрүлөт. Акчалай алганда пенсия 63 сомго өсүп, орточо көлөмү 778 сом болмокчу. Социалдык фонддун административдик чыгашасынын жыл сайын көбөйүп жатышы бир катар суроолорду жаратты. Маселен, 2004-жылы фонд административдик чыгаша үчүн 127 миллион сом чыгымдаса, быйылкы жылы ага 134 миллион сом бөлгөн.
Ахматбек Келдибековдун айтымында, Социалдык фонддун бюджети акыркы эки жылда профицит менен аткарылууда, башкача айтканда, киреше пландалгандан көп топтолууда. Ошол 330 миллион сом профициттин эсебинен быйылкы жылы пенсия көбөйтүлөт.
4-январдагы жыйында Социалдык фонддун өткөн жылдардагы бюджетинин аткарылышы да талкууланды. Депутат Исмаил Исаков 2004-жылы Социалдык фонддун 25 миллион сомду Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскерий машыгуусуна эмне себептен бөлгөнүн сураса, депутат Ишенбай Кадырбековду 16 миллион 200 миң сомду кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы үчүн бөлүшү кызыктырды.
Кадырбековдун суроосуна Келдибеков минтип жооп берди:

Бизге өкмөттөн токтом келген, ушул 16 миллион 200 миң сомду калкты иш менен камсыздоо фондуна которуп бергиле деп. Биз алардын өз акчасын которуп бердик. Ал акчаны кандай пайдалануу алардын эрки.

Жыйынга катышып отурган калкты иш менен камсыздоо фондунун өкүлү биздин каршылыкка карабай өкмөт жөлөк пул катары жумушсуздарга берилчү акчаны токтом менен юбилейди каржылоого жумшады, деп билдирди.
Аскерий машыгууга болсо каржы министрлигинин кепилдигинин астында 10% үстөгү менен насыя түрүндө Коргоо министрлигине берилгенин Социалдык фонддун төрагасы билдирди.
Депутаттарды социалдык фонддун 2 миллион 530 миң сомду ар кандай багытка жумшоосу да кызыктырды. Депутат Алевтина Проненко мына ушундай акчаларды максатсыз чыгымдоонун ордуна пенсия өлчөмүн көбөйтүү зарылдыгын айтып чыкты. Бирок анын пенсияны 9% эмес, 15% көтөрүү сунушу 25 гана депутаттын колдоосун тапкандыктан өтпөй калды. Алевтина Проненко өз сөзүндө буларга токтолду:

- Мени депутаттардын пенсионерлердин абалын түшүнүүгө аракет жасабаганы капалантат. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү 700 сом пенсия менен кантип жашоого болот? Албетте, депутаттар силер жакшы акча аласыңар. Социалдык фонд мыкты иштеп жатат дегендерге да кошула албаймын. Орточо айлык акы өсүп, анын эсебинен Социалдык фондко чегерүү да өсүп жатканына карабай, пенсионерлердин пенсиясы көбөйбөй жатат. Биз аларга көңүл буруубуз керек.

Жыйын соңунда депутаттар Социалдык фонддун 2005-жылга бюджетин жактырып, 2003-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетту кабыл алды. Ал эми 2004-жылдагы бюджетке өзгөртүү жана кошумча киргизди. Бир катар депутаттар учурда пенсия боюнча карыздын жоктугуна, мурдагыдай товар түрүндө пенсия берүү жоголгондугуна оң баа беришти.

XS
SM
MD
LG