Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

ПАСПОРТ «ЧЫРЫ» ЖАБЫЛУУ АЯК ЖАБЫЛУУ БОЙДОНБУ?.. ЖЕ?!..


Кыргыз өкмөтү калкты жарандык паспорт менен жабдуу маселесин жакынкы аралыкта чечүүнү убада кылып жатат. Бирок, ал кандай жол менен ишке ашарын өкмөттүк комиссия ачыктай элек. Айрым байкоочулар паспорт кризисин жөнгө салуу үчүн кыйла убакыт жана көп каражат талап кылынарын белгилешет.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 31-декабрда чыгарган токтомунда паспорттун жаңы үлгүсүн даярдоодогу өкмөттүн ишин канагаттандырарлык эмес деп тапкан. Паспорттун жаңы үлгүсүндө мамлекеттик гербдин туура эмес тартылышы, пластикалык картанын даярдалышы башкы кемчиликтер катары белгиленип, каржылык чыгымдарды териштирүү күч структураларына тапшырылган. Мындан тышкары көз карандысыз иликтөө жүргүзүү максатында Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн. Бирок, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш маселелери боюнча комитет төрагасы, депутат Алымбай Султановдун пикиринде, парламент дээрлик өзүнүн милдетин өтөдү. Эми токтомдун негизинде өкмөт мыйзам бузууларды жөнгө салышы керек.
Биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, бул багытта азыр вице-премьер министр Токтобүбү Айтикеева жетектеген комиссия иштеп жатат:

- Депутаттар ошо 1994-жылдын үлгүсүндөү паспорттун 500 миңдей нускасын акча таап, чыгарып, бере баштагыла деп атышат. Өкмөт тарабынан тез арада жанагы паспортту кайра оңдой коелу деген да сунуштар болуп атат. Айтор, комиссия иштеп, жакынкы күндөрү чечим кабыл алып, жакынкы күндөрү элибизге паспорт берүү проблемасын чечебиз.

К. Жумалиевдин билдиргенине караганда, даярдалган жаңы үлгүдөгү 100 миң нуска паспорт пайдалануудан алынып салынды. Ошондой эле премьер -министр жаңы жылдан баштап 1994-жылкы паспортту пайдаланууну токтотуу жөнүндөгү мурдагы токтомду жокко чыгарды. К. Жумалиевдин айтымында, жаңы паспортко кеткен чыгымдардарды ага жоопкер адам мойнуна алышы керек. Парламент буга жоопкер адамдардын бири катары маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигинин башчысы Юрий Лысогоровду атап, кескин сынга алган, аны жоопко тартууну сунуштаган. Өкмөт болсо аны кош жарандыгы бар үчүн өз арызы менен кызматынан бошотту, бирок, тартип коргоо органдары кылмыш козгоо сунушу боюнча өз оюн айта элек.

- Депутаттар материалдардын баарын башкы прокуратурага, улуттук коопсуздук кызматына беребиз дешпедиби. Бергенден кийин каржы жагын изилдеп, тактап туруп, ошондон кийин жооп бербесек, азыр айтышка эрте, - деди Коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов.

Бирок, талдоочулар мындай иш-чаралар өкмөткө сабак болгону менен, учурдагы паспорт проблемасын чече албайт дешет. Анткени , паспортсуз жүргөн жарандардын саны миңдеп саналат, аларды жабдуучу 1994-жылкы жалпы жарандык паспорттун буга чейин чыгарылган нускалары калбай калган, эки жылдан бери өкмөт паспортту чыгаруу үчүн бюджеттен каражат бөлгөн эмес. Анын үстүнө бул паспорт өзгөртүп жасоого эптүүлүгү менен өлкөнүн өзүндө эле эмес, эл аралык коомчулукта да сынга алынып келатат.
Депутаттар декабрдагы чоң жаңжалда өкмөттү 1994-жылдагы катачылыктарды экинчи ирет кайталап жаткандыгы үчүн кескин сынга алышты.

- Мүмкүн бул дагы атайын жасалгандыр. Бир канча мезгил өтүп, паспорт сатылып бүткөндөн кийин кагылайын Кыргызстандыктар, биз туура эмес жасап коюптурбуз, дүйнөлүк аренада момундай стандартка келбей калыптыр. Жаңы паспортту даярдабасак болбойт дегендей бир шылтоодур, - деген депутат Адахан Мадумаров парламентте.

Ал эми Коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов 1994-жылкы паспорт кезинде туура эле даярдалганын белгилейт. Анын оюнда азыр паспорт алмаштырууну мезгил талап кылууда. Бул эртеби-кечпи ишке ашат:

- Укук коргоо, атайын органдар менен биз жолукканда Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, ал эмес алыскы Германия, Америка өлкөлөрүнүн атайын органдарынан талап коюлган: паспортуңарды карап көрсөңөр, өзгөртсөңөр, себеби, силердин паспортторуңарды жасап туруп, бөлөк көп өлкөлөрдүң жарандары алып жүрөт деп.

Бул өңүттөн алганда, жарандарды заманга шайкеш каттоого алып, тиешелүү документ менен жабдуу үчүн маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги өңдүү уюм керек дейт Токон Мамытов:

- Менин оюмда бул жерде депутаттар кичине шашып кетишти окшойт.

Парламент кабыл алган токтомдо аталган агенттикти жоюу тууралуу жобо да киргизилген болчу. Паспорт жаңжалына байланышкан келерки кадам өкмөт тараптан жасалышы күтүлүүдө. Азырынча калкты паспорт менен жабдуунун кандай жолу тандалып алынары белгисиз бойдон турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG