Ирандын биринчи вице-президенти Мухамед Реза Ареф бүгүн кызмат сапар менен Ташкенге келди жана президент Ислам Каримов менен жолукту. Соода жана унаа тармактары менен байланыштуу маселелер талкууланды. Сапар учурунда бир нече келишимге кол коюлууга тийиш, алардын ичинде "Транс-Ооган корридорун түзүү" деген да долбоор бар, анын жардамы менен Өзбекстан Ооганстан менен Иран аймактары аркылуу Перс булуңуна чыга алат. Кол коюу аземине ооган президенти Хамид Карзайдын өкүлү да катышат.