Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Багдад шаарынын губернатору өлтүрүлдү.


Багдад шаарынын губернатору Али ал-Хайдири бүгүн өлтүрүлү. Анын машинеси буктурмага кабылды жана жанындагы бир сакчы да өлдү. Жоопкерчиликти өзүнө Абу Мусаб аз-Заркави жетектеген топ алды. Таиланддын Пхукет аралында жүргөн мамлекеттик катчы Колин Пауэлл окуянын артында тургандарды сынга алды: "Бул окуя - өлкөдө эски режимдин калдыктары жана террорчулар дагы бар экенин көрсөтөт, алар шайлоонун өткөрүлүшүн, эл өз жетекчилигин өзү тандай турганын каалабайт, алар эcки режимдин убагына, Саддам Хусейндин диктатурасына кайткысы бар, бирок андай болбойт".
Өткөн жылдын май айында Иракта америкалыктар дайындаган убактылуу Ирак жетекчилигинин башчысы дагы өлтүрүлгөн. Ирактын өкмөттүк чалгындоо кызматынын жетекчиси генерал Мухаммад Абдулла Шахванинин айтымында, өлкөдөгү согушкерлердин саны азыр америкалык аскерлердикинен көп. Багдад шаарынын башка бир аймагында бүгүн бомба жарылып, он адам набыт кетти жана lагы элүүдөй киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG