Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

ЕККУнун жаңы төрагасы Украинага келди


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жаңы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупель президенттик шайлоодо жеңип чыккан оппозиция лидери Виктор Ющенко менен бүгүн Львов шаарында жолугары күтүлүүдө. Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын былтыр 26- декабрада өткөрүлгөн кайталап добуш берүүсүнө ЕККУдан 1000дей байкоочусу катышкан болчу. Алар жана башка эл аралык байкоочулар соңку шайлоо мурдагыларга караганда европалык стандарттарга кыйла жакындашкнын билдиришкен. Кечээ Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарууну караган отурумун өткөргөн жок. Баштапкы эсептер боюнча, оппозиция лидер Виктор Ющенко 52%, ал эми анын атаандашы Виктор Янукович 44% добуш алган. Бирок Янукович жеңилгенин тааныган эмес жана шайлоодо мыйзам бузуулар орун алганын билдирип, өлкөнүн Жогорку Сотуна арыз жолдоодо.

XS
SM
MD
LG