Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Вашингтон Багдаддын губернатору өлтүрүлүшүн айыптады


Ак үйдүн өкүлү Скот МакЛелландын билдиргенине караганда, буга карабай Иракта 30-январга белгиленген шайлоо өз убагында өтөт. Анын айтымында, АКШ президенти Жорж Буш менен Ирактын премьер- министри Ияд Аллавинин телефон сүйлөшүүсүндө шайлоону токтото туруу маселеси жөнүндө сөз болгон жок. Шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөөрүн кечээ Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари да билдирди. Губернатор Али ал-Хайдардын автоунаасы кечээ Багдаддын көчөлөрүнүн биринен буктурмадан аткыланган. Кол салуу үчүн теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркавинин тобу жоопкер болду. Кечээ Багдаддын өкмөттүк кеңселер, чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан, "Жашыл зона" аймагынын сыртында да жанкечти айдаган автоунаа жардырылып, андан кеминде 5 адам каза тапты, 50дөн ашуун киши жаракат алды.

XS
SM
MD
LG