Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

ТҮРКИЯ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖАҢЫ АКЧА МЕНЕН БАШТАДЫ


Түркияда улуттук банктар жаңы акча бирдиги “Жаңы Түрк Лирасына” (YTL) бат эле көндү. А карапайым элчи? Эл жаңы акчанын киргизилишин сыймыктануу сезимдери менен кабыл алды, бирок жаңы тыйындарга (Kuruş) көнүш дагы бир топ убактты талап кылат.

Жаңы жылга жаңы акча бирдиги менен кирген Түркияда, 6 нөлү алынып салынган ‘Жаңы Түрк Лирасы’ (ЙТЛ) колдонула баштады. Жылдын алгачкы күнүндө, банктардын АТМ машиналары жана кредит карт системасы, жаңы лирага өтүү менен байланыштуу убактылуу иштебей калса да, көп өтпөй өлкөдө жаңы акча системасы толук күчүнө кирди. Дүйшөмбү күнү борбордук банк менен кошо бардык улуттук банктар жана алардын филиалдары, ЭФТ аталган ‘Электрондук Фонду Трансфер’ системасын Жаңы Түрк Лирасына ийгиликтүү которуп, система үзгүлтүксүз иштей баштады.
30 жылдан бери, өлкөн чүмкөп келген экономикалык кризистердин айынан, улам наркы кетип, нөлл үстүнө нөлл кошула берген эски Түрк Лирасынан, эми 6 нөлү алынып салынган жаңысына өтүш, карапайым элге анча деле оңой болбой жатканы байкалат. Мунун бир себеби, жаңы акча бирдиги менен бирге, 30 жылдан бери алгачкы жолу, Куруш деп аталган метал тыйындардын да колдонула баштоосу.
Биз дагы, жагдайды өз көзүбүз менен көрүү үчүн, Истамбулдагы жер - жемиш саткан жергиликтүү базарлардын бирине баш багып калдык. Көрсө сатуучулар жаңы акчага күн мурунтан эле көнүп алышкан экен. “Мен да биле албай жатам, канча төлөшүм керек. Түшүнө албай жатам, 1 миллионбу 250 миң лирабы? Же 25 курушпу? Баары аралашып кетти”
-Жок же 25 куруш эле берсеңиз жетиштүү болот.
“65 куруш берсеңиз болот эже, демек эски түрк Лирасы менен 650 миң лира”
“5 куруш бар беле менде. Мен кайдан табайын 5 куруш дегениңди” деген даттануулар дагы бир топ убака дүкөн-базарларда угулуп кала берчүүдөй. Оңой эмес, 30 жыл боюу эл куруш дегенди билип көргөн жок. Бир муун бүтүндөй, тыйын (куруш) деген менен дегеле таанышпай, миллион, миллиард деген сандар менен жашап келди. Бул фактыны дагы бир жолу тастыктап Түркиянын Премьер- Министири Режеп Тайып Эрдоган шейшемби күнү, жаңы Түрк лирасы тууралуу атайын бир жыйында чыгып сүйлөдү. Соода жана Өнөр Жай Министирлигинин сүрөөнчүлүгүндө башталган “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” өнөктүгүнүн тушоо кесүү аземинде Эрдоган, “Мындан ары керектөөчүлөр укугу корголгон тарап болуудан чыгып, өз укугун билип-коргогон, базарда өзүнө жүктөлгөн атуулдук озуйпаны, рационалдуу жана иштиктүү түрдө аткарган тарап болуусу тийиш” деди. Жаңы Куруштарга токтоло кетип өкмөт башчысы
“Элибиз өзгөчө жаңы куруштарга колдоо көрсөтүшү абзел. Жаңы курушубуздун колдонуу чөйрөсүн кеңейтип, эсептеш өтө татаал жана кыйын дебей, куруштарыбызды колдонушубуз керек” деди.
“Мекендештеримен дагы бир суранычым; дүкөн-базарларда соода кылып жатканда, баалардын тегеректетилип, маселен буюмдун баасы 2 лира 95 куруш болсо, 3 лира деп эле тегеректетип коюуларга каршы этият болуш керек. Бул- инфляцияны ооздукташ, дал эле ошол учурда, жаңы улуттук акчабызды коргош үчүн бардыгыбыздын мойнуна жүктөлгөн атуулдук парз болуп эсептелет” деп кошумчалады Режеп Тайып Эрдоган.

XS
SM
MD
LG