Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Бишкекте кайрымдуулук акциясы өтөт


БИШКЕК. 10-январда Бишкектеги Тарых музейинде суу ташкынынан жабыр тарткан Түштүк-чыгыш азия мамлекеттерине жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Буга байланыштуу мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов башында турган коомдук тилектештик комитети өлкө атуулдарын, мамлекеттик жана жеке ишканаларды, коомдук уюмдарды кырсыктан жапа чеккен азиялыктарга каржылык жана материалдык колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук жардам берүү акциясына салымын кошууга чакырды.

Түштүк-чыгыш азияда өткөн жылдын 26-декабрында эртең менен катуу жер титирөөдөн улам болгон суу ташкынынан 150 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, бир канчасы дайынсыз жок болгон.

XS
SM
MD
LG