Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Президентти кызматтан кетирүү боюнча кол топтоо уланууда


БИШКЕК. Кыргызстан Элдик патриоттук кыймылы президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча кол топтоо акциясын улантууда. Буга чейин Бишкек шаарында 17 миңден ашуун атуул президент Акаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол койгон. Бул тууралуу 5-январда Кыргызстан Элдик патриоттук кыймылынын лидерлеринин бири Нурлан Мотуев «Азаттыка» билдирди. Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча саясий акция 15-ноябрда башталган. Кыргызстан Элдик патриотук кыймылынан маалымдагандай, кыймылдын өкүлдөрү кийинки аптадан тарта кол топтоо акциясын Нарын, Ыссыккөл, андан соң, Чүй облустарына улантышат. Ал эми аталган кыймылдын жетекчиси, укук коргоочу Турсунбек Акун азыр Киевде дарыланууда.

XS
SM
MD
LG