Ирактан алынган кабарлар согуштан келип жаткан сводкаларды эске салат. 5-январда Хилла шаарында полиция академиясынын жанында автомашинага коюлган бомба жардырылып, андан он үч адам каза таап, дагы 25 тургун жарадар болушту. Ирактын мусулман-сунниттеринин лидерлеринин бири Омар Махмуд Абдалланын да киши колдуу болгону 5-январда билинди. Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында козголоңчулардын кол салуусунан америкалык бир жоокер каза тапты, дагы экөө жарадар болду. Ал эми Бакуба шаарында болсо автомашина жардырылып: андан алты адамдын мерт кеткени айтылууда. Багдадда дагы автомашина жардырылып, андан эки адам жан таслим болду.
Ирактын улуттук коопсуздук министри Касим Дауд жакын арада Мосулдун өзүндө жана анын жака-белинде козголоңчуларга каршы чоң чабуул баштала тургандыгын билдирди. Ага Ирактын улуттук гвардиясынан тышкары Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрү да катышат.
4-январда Багдаддын губернатору Али Хайдарини атып кетишти. Иракта 4-январда баары болуп жыйырмадан ашык тургун жана америкалык беш жоокер каза болушту.