Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Евробиримдик суу каптоодон каза болгондорду эскерди


Түштүк Азияда 26-декабрда болгон суу каптоонун кесепеттерин жоюу иши уланууда. Кырсыктан кийинки абалды талкуулай турган эларалык конференция өз ишин 6-январда Индонезияда баштайт.

Кырсыктан улам жетим калган балдар адам саткан күчтөрдүн колуна түшүп калбаса экен деген тынчсыздануу айтылууда.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 5-январда Индонезияга барып, Ачех аралдарын тикучактан көргөндөн кийин абал чындыгында эле оор экен деп билдирди:

– Мен согушта болгом. Суу каптоо, алай-дүлөй шамалдардын кесепеттерин көргөм, бирок бул жерде болгондой алааматты мен мурда дегеле көргөн эмесмин. Биз жээкти бойлоп учтук, мен топон суу жолдон эч нерсе калтырбай шыпырып жууп кеткенин өз көзүм менен көрдүм.

Евробиримдикке мүчө 25 өлкө 5-январда чак түштө мамлекеттик тууларын жерге түшүрүп, топон суудан каза тапкан он миңдеген жарандарын эскерди. Аэропорт, вокзалдарда, биржаларда, кызматта жана үйдө миңдеген адамдар баштарын жерге салып үч мүнөт кыймылсыз турушту. Брюсселдеги чиркөөдө да коңгуроолор арбактарга багышталып кагылды.

Инди океанынын алабындагы суу каптоодон каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 150 миңден ашты. Дагы миңдеген адамдардын дайын-дареги чыкпай жатат. Орусиянын Таиландда жоголуп жаткан 9 жараны 5-январда табылды. Бирок дагы 20 орусиялыктын тагдыры белгисиз.

XS
SM
MD
LG