Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:07

Өкмөт адилет шайлоо өткөрүүгө кызыкдарбы?


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоону адилет жана ачык өткөрүүгө салым кошуу максатында премьер -министр Николай Танаев башында турган уюштуруу тобу түзүлгөн. Ал Талас, Ош облустарында жыйын өткөрүп келди. Анда шайлоону адилет жана акыйкат өткөрүү жөнүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын болду. Оппозициялык талапкерлерге бут тосуу жөнүндө өкмөт башчы катышкан жыйындарда сөз болгон жок, деп билдирди вице премьер-министр Базарбай Мамбетов 6-январда. Атын атагысы келбеген мамлекеттик кызматкер Николай Танаев Ош, Талас облустарында жабык эшик артында жыйын өткөрүп, анда оппозициялык талапкерлердин жеңишке жетишүүсүнө тоскоолдук жасоону жергиликтүү бийликтерге тапшырды, деп билдирген.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG