Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Танаев Миңкушта


6-январда премьер- министр Николай Танаев Нарын облусундагы Миңкуш айылына жумуш сапар менен барды. Анда өкмөт башчы Туюксуу деген жердеги уран калдыктары сакталган жайдын абалы менен таанышты.Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Александр Мелешконун билдирүүсүнө караганда, Туюксууда 600 миң куб метр уран калдыгы сакталып турат. Ал эми анын жанында 700 миң куб метр келген жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болууда. Эгерде жер көчкү жүрсө көл пайда болуп, уран калдыгынын жайылышына алып келет. Азыр көлдү болтурбоо аракети көрүлүүгө тийиш, дейт Александр Мелешко. Премьер- министрдин сапары учурунда мына ушул максатта канча каражат керектиги чечилмекчи.

XS
SM
MD
LG