Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Президент Бишкек активи менен жолугушту


БИШКЕК. 6-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда президент Аскар Акаев борбор шаардын активи менен жолугушту. Анда шаар мэри Медет Керимкулов борбордун өткөн жылдагы өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана быйылкы жылга коюлуп жаткан максаттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, борбор шаардын ички дүң продуктысы 2004-жылы 120% өсүп, 27 миллард сомду түздү. Жолугушууда президент Аскар Акаев да сөз сүйлөп, оппозициялык партиялардын чет өлкөлүк каражатка таянып, революция уюштуруу аркетине жол бербешибиз керек, деп билдирди. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны акыркы эки жылда реформаларды өткөрүүгө тоскоол жасады жана палатанын кээ бир кадамдарынан Казакстан, Өзбекстан менен мамилебиз начарлады, деп айтты.

XS
SM
MD
LG