Бишкек шаарындагы шайлоо чөлкөмдөрүнүн биринин шайлоо комиссиясы мурдагы элчи жана оппозициялык «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкер катары каттоо тууралуу саал мурдараак чыгарган чечимин кайра жокко чыгарды. 6-декабрда кечинде Бишкек шаарындагы №1 университет шайлоо чөлкөмүнүн комиссиясы Отунбаева айымды талапкер катары каттоодон өткөрүп, бул тууралуу күбөлүктү ага салтанаттуу түрдө тапшырган. Комиссиянын мурдагы чечимди жокко чыгарган чечимин оппозиция комиссияга карата жасалган саясий кысымдын мөмөсү катары баалоодо.
Ал эми дагы бир мурдагы элчи, мурдагы парламент спикери Медеткан Шеримкуловду Шопоков чөлкөмүнүн шайлоо комиссиясы талапкер катары каттоодон 31-декабрда баш тарткан. Шеримкулов өз укугун коргоо максатында Сокулук райондук сотуна кайрылган жана сот бул арызды ушул ишембиде караары күтүлүп жатат. Депутаттыкка талапкердигин коюп жаткан мурдагы элчилер Мамбетжунус Абылов менен Үсөн Сыдыковдун арыздарын тиешелүү шайлоо чөлкөмдөрүнүн шайлоо комиссиялары ушул аптанын этегинде жана келээрки аптанын башында кароосу күтүлүүдө. Мындай маалыматтар мурдагы элчилердин өздөрүнөн алынды.
Мурдагы элчилер шайлоого катышуу укугун тактап берүү суранычы менен буга чейин президентке, парламентке жана Конституциялык сотко кайрылган. Конституциялык сот аларга азырынча мыйзам бузуу фактысы жок деген жооп узаткан. Маселенин көтөрүлүшүнө БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин мыйзамга берген түшүндүрмөсү негиз берген. Анда шайлоого чейинки беш жыл ичинде Кыргызстанда туруктуу жашабаган атуулдардын, - анын ичинде мурдагы элчилердин, - шайлоого катышууга укугу жок деп белгиленген.