Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

МУСУЛМАНДАР УЛУУ САПАР – АЖЫГА АТТАНЫШУУДА


Амирбек Усманов, Прага Мухаммед пайгамбардын доорунан бери келаткан беш парздын бирин аткарууну ниет кылган мусулман пенделер ушу күндөрү Сауд Арабиясына сапар алышууда. Алар тийиштүү жөрөлгөлөрүн аткарып, 21-январда Курман айтты Меккеде тосушат. Биринчилерден болуп ажы сапарына 19-декабрда индонезиялык мусулмандар аттанышкан. Айрым ислам өлкөлөрүндө ажыга жөнөтүү иштери кандай уюшулууда?

Ажыга эң биринчилерден, эң чоң ислам өлкөсү Индонезиянын момун мусулмандары аттанды. 19-декабрь күнү 205 миллион калкы бар өлкөнүн 8 шаарынан жүздөгөн зияратчылар түшкөн учактар Саудияны көздөй багыт алды. Борбор шаар Жакартада ажы парзын сакыт кылууга аттанган адамдарды президент Сусило Бабанг Юдхойно баш болгон ырасмий адамдар чоң салтанат менен узатты. Быйыл ажыга Индонезиядан 205 миң адам Мухаммед алейсалам заманыдан бери келаткан ибадаттарды аткарганы барат.

Казакстандандан ажыга быйыл 1, 5 миң адам барат. Алардын 350сү өлкө муфтиятынын сунушуна ылайык, “Спутник” туристтик фирмасынын кызматын пайдаланышат. “Азаттыктын” Алматыдагы кабарчысы Нурбол Габдулхамиттин маалымадашынча:

-“Спутник” фирмасы бир адамды 2400 АКШ долларына ажыга алып барып келет.

Ал эми жети жылдан бери Мекке-Мединага ажы маалында зыяратчыларды ташып-тейлеген “Аттан Казакстан кыймылы” сунуш кылган баа “Спутник” фирмасынан бир топ арзан.Кыймылдын башчысы Амантай ажы Асылбектин айтышынча, былтыр анын мекемеси бир адамдан 1 300 долларга алып барып келген болсо, быйыл 1400 доллар. Бул акчага тамагы, жатаканасы, Дубайдан аркы 25 сааттык жолкире да кирет.
Амантай ажы муфтият кымбат фирманы сунуш кылып жатканына кыжаалаттанып, “чак түштөгү талап-тоноону” бийликтегилер токтотпой жатканына айран калат:

-Саудияга чейин учактын билети 1200 доллар, 250 доллар ажы чек. Бу 2400 доллар дегени кандай? Эмне өкмөт көз салбайбы?
-

Тажикстандан ажыга барчулардын саны 600дөй . Ал эми жолдомо баасы 1750 АКШы доллары. Учактын жол киреси, виза акысы, паспорт, мейманкана, үч маал тамак аш да акчанын ичинде.

Тажик өкмөтүнүн диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын жооптуу кызматкери Мухаммад Ибодиннов быйылдан тартып, жарандардын Саудияга автобус же жеңил машине менен баруусу токтотулганын айтат:

-Быйылкы ажынын өзгөчөлүгү- зыяратчылар Дүйшөмбүдөн түз эле Жиддага учушат. Мурда машине менен Ирандын Мешхед шаары аркылуу Дубайга барышып, андан ары Саудияга жетишчү.

Калабалуу Ирактын жарандары 2003-жылы президент Саддам Хусейн тактыдан кулатылгандан бери быйыл биринчи жолу Сауд Арабиясына түз учууга мүмкүнчүлүк алды. Дүйшөмбү күнү Ирактын аба жолдор ширкетинин учактары зияратчылардын алгачкы тобун түндүктөгү Эрбил шаарынан Жиддага алып учту.
Бу жылы Ирактан ажыга 17 миңден ашуун мусулман барат. Алардын Курбан айтка чейин ажылык зыяраттарын бүткөрүүсү үчүн 12 күн бою Эрбилден, Багдаддан жана өлкө түштүгүндөгү Басра шаарынан күнүгө эки же үч учак Жиддага каттап турат. Жол кире - өлкөнүн кайсы жеринен учканыңызга жараша, 500-600 АКШ долларынан кем болбойт.
“Азаттык” радиосунун араб кызматынын Түндүк Ирактагы кабарчысы Абдул Халик Султандын билдиришинче:

-Эрбил шаарынан ажыга жөнөгөн зыяратчылардын биринчи тобун “Боинг” учагы менен учушту. Түндүк Ирактан мусулмандык парзын сакат кылып келүүгө бел байлаган 4 миң адамдын жол чыгымын Күрт өкмөтү өзүнө алды. .

Буга дейре Ирактан ажы сапарына чыккан мусулмандар оболу жети саат автобус менен жүрүп, Кувейтке жетишчү да. Андан соң Сауд Арабиясына учушчу.
XS
SM
MD
LG