Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

КЫТАЙДА КЫЗДАР АЗ, КАРЫЯЛАР КӨП


Бейшембиде Кытайдын калкынын саны 1 млрд. 300 млн. адамга жеткени жарыяланды. Ырасми Бэйжин көп жылдардан бери бекем тутуп келаткан "бир балалуулук саясаты" - калктын көбөйүшүн тизгиндөөгө жол ачты. Бирок дал ушул саясаттын шарапаты менен өлкөдө азыр кыздардын саны азайып, бойдок жигиттер армиясы арбып барат. Андан сырткары жыл өткөн сайын улгайган адамдардын катмары да кеңейүүдө.

6-январь күнү Кытай өкмөтүнүн өкүлү Бэйжинде салтанаттуу жагдайда өлкөнүн 1 млрд. 300 миллионунчу жаранын төрөгөн аялга атайын сый күбөлүк тапшырды. "Биздин 1 млрд. 300 миллионунчу жараныбыз 2005-жылдын 6-январь күнү түн ортосунан оогондо жарык дүйнөгө келди", - деп жарыялады ал дүркүрөгөн кол чабуулар коштоосунда.


Эл аралык байкоочулар бул окуядан улам Кытай өкмөтүнүн көптөн берки "бир балалуулук" саясаты жемишин берип, дүйнөдөгү эң көп калктуу өлкөдө демографиялык кырдаалды көзөмөлгө алуу иши жолго коюлганын жазып чыгышты. Бирок дал ушул саясаттан улам кытайлыктар ондогон жылдардан бери бир балалуу болгон соң эркек болсун деп отуруп, азыркы тапта статистикалык маалыматтарга ылайык, бойго жеткен 100 кызга 120га жакын жигит туура келет экен. Мындай кырдаал өлкөдө жаш кыздарды уурдоо, сатууга байланыштуу кылмыштардын жайылышына алып келди. Кытай өкмөтүн андан башка азыр улгайган адамдарды багуу маселеси да кыжаалат кыла баштады. Эксперттердин эсеби боюнча, дагы 30 жылдан кийин Кытайда ар бир бешинчи жаран 65 жаштан жогору курактагы адамдар болот. Башкача айтканда, кытайлык пенсионерлердин саны 2050-жылы болжол менен 240 млн. адамга чаап барып, Индонезия өңдүү өлкөнүн жалпы калкынын санынан ашып кетет. Мындай проблема АКШ баштаган көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө да бар, бирок адистердин айтымында, Кытайда улгайган адамдардын саны бул өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла ыкчам көбөйүп баратканы Бэйжинди бир топ беймазага салчудай.


Кыздардын саны антип, кытайлыктардын көбү жалгыз баласы эркек болушун каалагандан азайса, улгайган адамдардын саны "бир балалуулук" саясатынан улам жалпы жаш адамдардын саны кыскарганынан келип чыкты. Алсак, мындан 50-60 жыл илгери Кытайда 5-6 балалуу үй-бүлө кадимки көрүнүш болсо, кийинки 30 жыл ичинде жалаң бир балалуу болгон адамдар эми барган сайын улгайып, каралашаар бала-бакырасы жок карыялар көбөйгөндөн көбөйүп отуруп, ырасми Бэйжин ушу тапта пенсия системасын реформалап казнадагы акчаны кимге жеткирерин билбей убара тарта баштаган кез.


Кытайлык кыздар менен эркек балдардын санынын ортосундагы айырма да азыркыдай көбөйүп отурса, анык социалдык проблемага айланат, - деп эсептейт АКШдагы Эл каттоо бюросунун өкүлү Дэниел Гудкинд. "Демографтар Кытайдагы азыркы абалды үй-бүлө куруу ишиндеги кризис деп да атап жүрүшөт. Көпчүлүк өлкөлөрдө 100 кызга 102ден жигит, же ашып кетсе 100 кызга 106дан улан туура келсе, Кытайда алардын ортосундагы айырма 20га чукулдап барды. Минтип отурса, алдыдагы 20 жыл ичинде кытайлык жаш кыздар өмүрлүк жубай издөөдө чоң артыкчылык алышып, жигиттер үчүн тескерисинче аял табуу кыйын ишке айланат", - дейт америкалык адис.


Ушундай абалдан улам, соңку кездери кытайлык маалымат каражаттары өлкөдө кыздарды ала качуу фактылары көбөйүп баратканына көңүл бурушууда.

Батыштык кытай таануучулар бирок, соңку жылдардагы экономикалык өнүгүү коомдогу көз караштарды өзгөртүп, кыз-келиндер бардык чөйрөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип, эркектерге теңтайлаша баштаганын өлкөдөгү демографиялык кырдаалды бара-бара өзгөртө алчу көрүнүш катары баалашууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG