Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИНДИК


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарынын "Херитиж" фонду "Уолл стрит жорнел" аттуу гезит менен биргеликте 4-январда дүйнөдөгү экономикалык эркиндик боюнча атайын доклад жарыялады. Анда дүйнөнүн бир жүз алтымышка жакын өлкөсүндөгү экономикалык абал иликтенип, ар бир мамлекетке баа коюлган. Кыргызстан бул рейтингде дүйнөдөгү токсон жетинчи орунга коюлган, Орусия болсо андан артта, 124-орунда калган.

"Херитиж" фонду мындай докладдарды 1995-жылдан бери жыл сайын чыгырат жана азыркы отчет - он биринчи. Дүйнө мамлекеттериндеги абал он ар башка экономикалык көрсөткүч боюнча бааланат, алар - соода жана салык саясаты, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү, монетардык саясат, капиталдын өлкөдөн чыгышы, чет өлкөлүк инвестициялар үчүн түзүлгөн шарт, банк жана каржылоо саясаты, маяна менен баалар катнашы, мүлккө ээлик кылуу укугу жана тымызын экономиканын деңгээли.

Докладдын авторлору Марк Майлс, Эдвин Фөлнер жана Мэри Анастасия О'Грэйдинин айтымында, экономика канчалык эркин болсо, киши башына саналган киреше ошончолук өйдө. Мисал үчүн, экономикасы басмырланган өлкөлөрдө киши башына келген бир жылдык дүң өндүрүш бир миң доллардын тегерегинде болсо, эркин экономикалуу өлкөлөрдөгү бул көрсөткүч 30-35 миң долларга жетет.

Бардыгы болуп дүйнөнүн 161 мамлекетиндеги абал иликтенген, бирок кийин алты өлкө - Ангола, Бурунди, Конго, Судан, Ирак жана Сербия менен Монтенегро тизмеден чыгарылган, анткени алардын экономикасы тууралуу жетиштүү маалымат табылган эмес. Калган 155 мамлекет төрт топко бөлүнгөн.

Биринчи топко эркин экономикалуу 17 өлкө кирген, алардын эң эркиндери - Гоңкоңг, Сингапур жана Люксембург. Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен бул топко Эстония гана кошулган, ал Люксембургдан кийинки 4-орунда. Доклад авторлорунун айтымында, 2003-жылы 6-орунга коюлган АКШ азыр 12-орунга түшкөнү дагы көңүлгө арзырлык көрүнүш, анткени өлкө экономикасы азыр бир топ кыйын кезеңде.

Экинчи топко экономикасы дээрлик эркин деген 56 өлкө чогултулган, алардын арасында Алмания, Израил, Жапания, Франция сыяктуу мамлекеттер бар. Бул топко мурдагы советтик жумурияттардын ичинен үчөө гана кирген: Литва - жыйырма үчүнчү, Латвия - жыйырма сегизинчи жана Армения 42-орунда.

Эң көп мамлекет - 70 - экономикасы дээрлик эркин эмес деген үчүнчү топко кошулган, мурдагы советтик жумурияттардын көпчүлүгү ушул топто. Молдова - жетимиш жетинчи, Украина - сексен сегизинчи, Кыргызстан - токсон жетинчи, Грузия - жүзүнчү, Азербайжан - жүз үчүнчү, Орусия - жүз жыйырма төртүнчү, Казакстан - жүз отузунчу жана Беларус 143-орунда.

Экономикасы басмырланган деп дүйнөдө 12 мамлекет табылган жана алардын ичинде 144-орундагы Тажикстан, 147-орундагы Өзбекстан жана 151-орундагы Түркмөнстан бар. Абалы Түркмөнстандыкынан начар деп Зимбабве, Ливия, Бурма жана Түштүк Корея гана аталган.

Былтыркыга караганда экономикалык абал Мадагаскар, Украина, Польша, Болгария, Исландия, Индонезия, Мажарстан, Малайзия, Монголия жана Өзбекстанда жакшырган. Ал эми Эфиопия, Пакистан, Уганда, Гаити, Бангладеш, Марокко, Катар, Фижи, Куба жана Тунистеги экономикалык абал начарлаган.

Анткен менен жыл өткөн сайын эркин экономикалуу мамлекеттерде жашаган калктын саны өсүүдө. 2003-жылы андай өлкөлөрдө бардыгы болуп 361 миллион адам жашаса, былтыр андай адамдардын саны 478 миллионго жеткен. Аны менен катар, басмырланган экономикалык абалда жашаган адамдардын саны 391 миллиондон 242 миллионго чейин кыскарган. Жалпысынан алганда болсо, дүйнөнүн 86 өлкөсүндөгү экономикалык абал жакшырган, 57 мамлекеттеги абал болсо мурдагыдан дагы начарлаган.

XS
SM
MD
LG