Өткөн жылдын акыркы күнүндө орус басма сөз беттеринде Жаңы жылдык жана эски жылды жыйынтыктаган темадагы макалалар жайнап кеткендей болду. Ар бир басылмадагы ар кайсыл макала тандалган тема боюнча өткөн жылдагы окуяларга, жетишкендиктер менен утулуштарга кайрылды.
«Российская газета» деген өкмөттүк гезиттин баасында, өткөн жылы орусиялыктардын арасында кембагалчылыкта күн көрүп жүргөндөрдүн саны 15% га кыскарып, катталган миллионерлердин саны эки эсеге жогорулаптыр. «Анын үстүнө, өз байлыгы тууралуу ачык сүйлөп, каттоодон өтүүнү каалабагандарды да эске алганда, арабызда байлар бир топ эле көбөйүп калгандай», - деп белгилейт гезит.
Социологдордун баасына таянып, гезит азырга чейин орусиялыктардын 19 пайызга жакыны байлыгын үйүндөгү сандыгында бекитүүнү туура көрөөрүн айтат. Ал эми 26%дан көбү бар акчасына там алып коюуга ашыгат экен. Канткен менен орусиялыктар арасында жыйнаган байлыгын баалуу кагаздарга жумшоону эч ким деле каалабайт. Мындай жолго баргандардын саны болгону 3 эле пайызды түздү.
«Коммерсант» басылмасы коом пикирин иликтөө боюнча жалпы орусиялык борбор менен биргеликте «VIP-парад 2004» аталышындагы жылдык отчетун жарыялады. Анда гезит өткөн жылдагы орус элитасынын катарындагы алдыңкылардын жана арттагылардын тизмесин келтирет. Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, тизмедеги 184 адамдын ичинде «элитанын жеңүүчүсү» деп 2004-жылдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсүнүн аты аталыптыр. «Аны аныктоо татаал деле болбоду» деп жазат «Коммерсант» «Бул, албетте, Владимир Владимирович Путин».
Негизи, Путин мырза менен шайлоодо тирешкен талапкерлердин ичинде баары эле бул 184 адамдын тизмесине кирген жок. Көрсө, орусиялыктардын көбү аларды элитага татыктуу адамдар деп эсептешпейт экен. Бирок экс-талапкер, азыр «Биздин тандоо» партиясын жетектеп турган Ирина Хакамада ардактуу 10-орунду ээлеген. Бул – саясаттагы аял кишилер ээлеген эң алдыңкы орун.
Ал эми мамлекеттик чиновниктердин ичинде рейтингдеги алдыңкы орунду өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу басты. Шойгу мырза акыркы бир канча жылдардан бери алдыңкы орунду бербей келет. Ал үчүнчү орунда.
Шоу-бизнеске кайрылсак, «Орус эстрадасынын чоң-энеси» Алла Пугачева былтыры кичине жоготуп алган күчүн кайра колуна алып, быйыл Путинден кийинки экинчи орунга олтурду. Бул да бекер болбосо керек. 2004-жылда Алла Борисовна сыналгыдан бери болбой, «Жылдыздар фабрикасында» өзүнүн «таланттуу неберелерин» тарбиялоо менен алек болбоду беле?
«Московский комсомолец» москвалыктар арасында Жаңы жыл алдында болгон шашылышка көңүл бурбай койбоду. «Жаңы жылга 3 күн калганда Москва толугу менен шуулдаган шоппингге өтүп кетти. Соода түйүндөрү менен дүкөндөрдө москвалыктар жакын туугандарына, кесиптештерине жана «керектүү адамдарга» белек алууга ашыгып жүрүшөт», - дейт гезит.
Басылманын маалыматында, москвалыктар жаңы жылдык белектер үчүн 200 доллардай акча жумшашат экен.