БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев «Жогорку Кеңештин регламенти» тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамда болочок бир палаталуу парламенттин түзүмү, иштөө тартиби тууралуу эрежелер ачык көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул мыйзамдын негизинде, ар бир жөнөкөй атуул Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, андагы каралган маселелер жана отурумда сүйлөгөн ар бир депутаттын сөзүн алууга укугу бар.