Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Грузиянын президенти кабинеттин эки мүчөсүн өз ара жарашууга чакырды


ТБИЛИСИ. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлкөнүн коргоо министри Иракли Окруашвили менен вицепремьер- министр Георгий Барамидзенин өз ара эрегишип, тирешкенин мындан ары чыдап карап тура албай турганын эскертти.
Мен буга жол бере албайм. Экөөң тең менин досумсуң, экөөңдү тең бирдей баалайм. Бирок мындайыбызды токтотуубуз керек. Эгерде бири-бири менен тартыша кеткен эки министр эки ортодогу пикир келишпестикти прессконференция өткөрүү жолу менен жөнгө салып отурса, мен өкмөт башчы Зураб Жванияга экөө тең каалаган учурда, каалаган жагына кете берсе болот, эшик ачык деп айтам,- деп эскертти Саакашвили. Шейшемби күнү Окруашвили мурдагы коргоо министрлерин армиянын акчаларын алдамчылык менен жеп ичип койгон, армияны коркунучтуу жагдайга алып келген, деп күнөөлөгөн.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG