Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Россия Грузияны Чечен согушкерлерин түрмөдөн чыгарып жатканы үчүн сынга алды


МОСКВА. Россия Грузияны Чечен согушкерлерин түрмөдөн чыгарып жатканы үчүн сынга алып, бул чечим эки өлкөнүн "ортосундагы мамимлелерди бекемдебейт", деп эскертти. Грузиянын Жогорку сотунун ноябрдагы чечими боюнча төрт чечен согушкердин үчөө келерки жумада, ал эми төртүнчүсү февралда бошотулат. Алар 2002- жылы камакка алынган чечен сепаратисттеринин тобунда болучу. Камакка алынгандардын айрымдары Россияга өткөрүлүп берилген эле. Грузин укук коргоочулары түрмөдөн бошотулат делинген бул төртөөнү да ушундай тагдыр күтүп турганынан чочулашат.

XS
SM
MD
LG