Инди океанын жээктеген 11 өлкөнү жаңы жыл алдында каптаган алаамат 150 миңден ашуун адамдын өмүрүн жутса, алардын болжол менен үчтөн бирине жакыны – жаш балдар болду. Андан тышкары дагы миңдеген наристелер менен өспүрүмдөр алеки заматта айлананы астын-үстүн кылган жаратылыш кырсыгында ата-энесин жана башка жакын туугандарын жоготуп, томолой жетим калды.
Андан улам социалдык мекеме-уюмдар эмитен эле океан ташкынынан көчөдө калган балдарды киши сатууга алектенген аткезчилердин суук колунан сактоого үндөп киришти. Улуттар уюмунун балдар кору, ЮНИСЕФтин өкүлү Марк Вергара мындай чочулоолор жөн жерден чыкпаганын белгилейт.
- Түштүк-Чыгыш Азия - ансыз да балдарды сатуу жагынан башкалардан алдыда келаткан чөлкөм. Ошондуктан маселе жаңыдан көтөрүлүп жаткан жери жок. Бирок ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдар жөн жай маалда ушундай маселелерди көтөргөндө, көңүл бөлүп кулак салгандар аз болот. Азыр биз табигый кырсыктан жапа чегип, катуу жабыркап турган аймакта кайрадан жаш балдарды соодалоо көйгөйүнө коомчулуктун назарын буруп, ушундай башаламан кырдаалдан пайдаланып, киши саткандар жетим балдарга суук көзүн артпасын деген аракеттебиз, - дейт ЮНИСЕФтин Женевадагы кеңсесинин басма сөз өкүлү Марк Вергара.
Улуттар уюмунун Индонезиядагы кызматкерлери жакынкы күндөрү полиция 4 жашар баланы жетелеп бараткан кишилерди токтотуп, документтерин текшерсе, адегенде "бул менин балам" деп айткан адам аздан соң кайра коңшумдун баласы болчу деп актанганын билдиришкен. Ушундай окуялар жаратылыш кырсыгы каптаган бир нече жерде орун алгандан кийин океан ташкынынан жабыр тарткан мамлекеттердин бир даары жетим калган балдарды багып алууга убактылуу чектөө киргизишти. Анткени аларды шашылыш түрдө өзүлөрүнө жаздырып алган "жаңы ата-энелер" чынында жаш балдарды сексуалдык кулчулукка, же кадимки малайлыкка сатып жибербейби деген чочулоо жок эмес.
ЮНИСЕФтин өкүлү Вергара Түштүк-Чыгыш Азияда жаш балдарды соодалаган уюмдар буга чейин эле мыкты уюшуп, кылмыштуу торун кеңири жайып алганына көңүл бурат.
Балдар адатта Индиядан Непалга, Непалдан Индияга, Бангладеш, Таиланд, Индонезияга сатылып, бир аймактан экинчисине өткөрүлөт. Кытай да, албетте, киши аткезчилери үчүн килейген базар. Бул эми эл аралык деңгээлдеги соода десек болот. Балдардын айрымдары Таиланд жана башка өлкөлөрдө сексуалдык кулдукка сатылат, башка жерлерде алар кара жумуштан башы чыкпаган малай болушат, дагы башка өлкөлөргө бала кылып асырап алчу кишилерге акчага сунуш кылынат.
Европа Биримдиги биринчилерден болуп бул өлкөлөрдөгү жетим балдардын тагдырына көңүл буруп, андай балдарды асырап алган кишилер үчүн көп жеңилдиктер убада кылды.
Ушундай окуялар башынан эле көп кездешкен Шри Ланка менен Индонезиянын өкмөттөрү – жаңы жылдан тарта жетим калган балдарды чет өлкөлүк жарандардын багып алуусуна тыюу салышты.