Мындай катмардагы жазалануучулардын укугу башкалар тарабынан аябай тебеленет. Алардын жалпы жуунгучтан жуунуга жана жогорку катмардагылар менен кошо тамак ичүүгө, жада калса алардын алдынан чыгууга акысы жок. Бул эрежени бузган жазалануучулар беркилер тарабынан оор кыйноого дуушар болушат. Буга көп учурда түрмө жетекчилиги көз жумуучулук менен мамиле кылат
-деди Владимир Тюпин. Изилдөө жүргүзүлгөн 9 жаза өтөөчү жайдын эки-үчөөндө гана түрмө жетекчилиги чыныгы бийликке ээ деп жазылган изилдөөнүн жыйынтыгында. Ал эми калгандарында дээрлик жазалануучулардын айрым бир катмары башкаруучулук кылат. Отчетто берилгендей түрмө жетекчилиги бийликке ээ болбогон жаза өтөөчү жайларда жазалануучулардын бири-бирин кыйноосу да көп болот. “Оазис” фондунун жетекчиси Владимир Тюпиндин сөзү боюнча, буга түрмө сакчыларынын жана жалпы эле кызматкерлердин айлык акысынын аздыгы, алардын жетиштүү деңгээлде өз ишин билбегендиги себеп:
Мунун баары жаза өтөөчү жайлардын кызматкерлеринин айлык акылары аздыгынан келип чыгып жатат. Ушундан улам кызматкерлер жазалануучулар менен сүйлөшүп, алар койгон талаптарга макул болушат. Буга түрмөлөргө эч тоскоолдуксуз кеңири кирип жаткан баңгизаттарды, ичимдиктерди жана башка ушуга окшогондорду айтууга болот. Мындан тышкары айрым түрмө кызматкерлери жазалануучуладын укугу тууралуу эмес, өздөрүнүн милдеттери жөнүндө да жакшы билишпейт
-дейт Владимир Тюпин. Отчеттун аягында изилдөө тобу Кыргызстандын жаза өтөөчү жайларын тез арада реформалоону сунуш кылышкан. Сунушта абакканаларды каржылоодон тартып, кызматкерлерди окутуу жана айрымдарын алмаштыруу, жаза өтөөчү жайларды коомчулукка ачык кылуу, жазалануучуларга адам укугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу айтылган. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында түрмөлөрдөгү тартипсиздикти жоюу үчүн жаза өтөөчү жайларды реформалоону, анда жаткандардын санын азайтууну колго алуу зарыл:
Бара-бара Кыргызстандагы жаза өтөөчү жайларда жаткандардын санын азайтуу керек. Бизде бүгүнкү күндө сот да туура эмес чечим чыгарып, айыпталуучулардын бардыгын сөзсүз түрдө эркинен ажыратып атат. Ошондуктан сот системасы да гумандуу ишке өтүүсү зарыл
-дейт Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу. Ал эми №47 жаза өтөөчү жайдын жетекчисинин орун басары Дөөлөт Султанкуловдун айтымында түрмөдө жазалануучулардын бийлиги болбойт, жетекчилик арыз менен кайрылгандарга дайыма жардам берет.