Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Иракта үч жогорку жетекчи барымтага алынды.


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, Ирактын 18 провинциясынын төртүндө азыр абал опурталдуу деп билдирди. Анын айтымында, 30-январга белгиленген шайлоону согушкерлер үзгүлтүккө учуратууну көздөөдө. Анткен менен шайлоо өз убагында өткөрүлөт жана демократия орногондо, тынчтык да орнойт: "Мен ишенем, демократия орносо, ал тынчтыкка алып келет. Бүткүл дүйнөдө ошондой. Демократия менен тынчык дайым бирге болот жана Ирактын азыркы жетекчилиги менен биз дал ошону көздөп жатабыз". Бирок Ирактагы кээ бир америкалык генералдардын айтымында, шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу өтө оорго турушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG