Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

БИШКЕКТЕ НААРАЗЫЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРЫ УЛАНТЫЛЫП, ДЕМОНСТРАЦИЯ БОЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек шаары Бүгүн (9-январда) Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын мурдагы элчилеринин бири Роза Отунбаеванын жана башка мурдагы элчилердин парламенттик шайлоого катышуу укугун коргоо боюнча нааразылык иш-чаралары улантылды. Бул күнү демонстрацияга 150дөн ашуун адам катышып, алар “Алатоо” аянтында жөө жүрүш жасашты.

Жекшембиде нааразылык иш-чарасына келген атуулдар кечээки күндөй эле моюндарына сары түстөгү моюн орогучтарды (шарфтарды) салынып, колдоруна шайлоонун адилет өткөрүлүшүн, өлкөдө мурдагы элчилердин, жалпысынан эле шайлоочулардын укуктарынын бузулбоосун талап кылган ураандар жазылган плакат, транспаранттарды кармап турушту.

Алардын айрымдары пикетке жана башка нааразылык иш-чараларына катышып жаткандыгынын себептерин “Азаттыктын” кабарчысына айтып беришти.

Бишкек шаарынын тургуну Алмазбек Эркебай уулу өзүнүн бүгүнкү пикетке катышуусунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мен бул жерге бийликтин иш-аракеттерине нааразылык билдирип келдим. Бийлик элге кулдай мамиле жасап калды. Эл ыйык экенин, жер ыйык экенин алар түшүнбөй жатышат. Биздин ата-бабаларыбыз бизди карыз кылып кеткен эмес. Азыркы бийлик биздин балдарыбызды карыз кылып атат. Ошол биздин жаш муундарыбыздын алдында өзүбүздүн күнөөбүздү сезип келдим.

Ал эми 43 жаштагы Абдылас Кошумбаев болсо мындай пикирин ортого салды:

- Менин нааразылык билдирип бул жерге келгенимдин себеби – келечекке ишеним жок. Адилет шайлоо аркылуу биз чыныгы таза адамдарды парламентке тандап алышыбыз керек. Бийликке таза, адилет адамдар келиши керек. Балдардын, элдин эртеңкисин ойлоп келдим.

Пикетчилер түшкө жакын ордо шаардын чордонунда жөө жүрүшкө чыгып, Орозбеков көчөсү менен Чүй проспектисине чыгып, андан Совет көчөсүнө чейин барып: “Иманбаев кетсин!”, “ Акаевге отставка!”, “ Милиция биз менен!” деген ураандарды чакырышты. Жүрүштүн катышуучулары кайра таңкы пикет болгон аянтка келишти (пикетчилердин катарына жолдо бараткан жаштар да кошулуп жатты).

Андан соң, аянтта митинг болуп, “Атажурт” кыймылынын өкүлдөрү, мурдагы элчилер сөз сүйлөштү. Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов:

- Президент өзү жыл башталбай жатып, 2005-жыл дипломатиянын жылы болот деп жарыялады. Анан минтип, жыл башы элчилердин укуктарын бузуу менен башталып олтурат. Бул эмне деген жорук? Биз минтип, элди аянка алып чыгууга аргасыз болуп жатабыз. Бул жылы Конституциянын негизинде сөссүз түрдө бийлик алмашышы керек .

Ал эми Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева болсо өзү да жетектеп жаткан кыймылдын башкы мүдөөсүн чогулган элге түшүндүрдү:

- Мына биздин “Ата-журт” кыймылы сары түстү тандап алды. Анткени, бул түс - өзгөрүүлөрдүн белгиси. Биз жаңы мамлекетпиз. 10 жыл ичинде биз өзүбүздүн дипломатиябызды, дипломатиялык мектебибизди түздүк. Эми мыйзамдуу шайлоолорду өткөрүү мезгили келди. Биз өзүбүздүн добушубузду реалдуу, чыныгы өзгөрүүлөр үчүн беребиз!

Митингде парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов да сөз сүйлөдү:

- Кыргызда ырчы менен элчиге өлүм жок деген сөз бар. Бүгүн болсо, биздин элчилерибиз кандай акыбалда калышты? Мындай окуя кыргызда буга чейин болгон эмес. Элчилер шайлоого катышпасын дегени – шайлоо адилет өтпөйт дегени. Бийлик элден коркот. Анткени, элдин ага болгон ишеничи кеткен. Биз акыйкат үчүн чыркырабасак, ким чыркырайт? Биз өзүбүздүн укугубузду коргой алабыз деп ойлойм.

Ал эми Президенттин администрациясынын жетекчи орун басары Болот Жанузаков өлкөдө бардык мыйзамдар так аткарылууга тийиш, ал эми соңку нааразылык иш-чаралары атайын бир саясий топ тарабынан уюштурулуп жатат деген пикирин айтты:

- Бул топтошуп алып, мыйзамды бузуп, ушундай чырды уюштуруу - бир саясий топтун иши. Алардын анык ою башкада. Муну эл колдобойт. Конституцияны, бардык мыйзамдарды ар бир атуул сактоого тийиш. Элчилер үчүн бир мыйзам, атуулдар үчүн башка мыйзам болбойт. Биз мыйзам бузууларга жол бербешибиз керек.

Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын жана башка мурдагы элчилердин укугун коргоо боюнча нааразылык иш-чаралары 10-январда да улантылаары кабардалууда.

Бишкек шаарынын тургуну, пикетке катышкан Уулбүбү Капарова дүйшөмбүдө да пикетке келээрин билдирди :

- Эми менин тилегим: Кыргызстанда эркин, акыйкат шайлоолор болсун. Мыйзам бузуулар болбосун. Ошондуктан биз бул пикетке мындан ары да катышабыз.
XS
SM
MD
LG