Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

10-январда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 10-январда республика боюнча мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен аймактарына туман түшөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -7...-12 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылыйт.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ облустарында түнкүсүн 0...-5 градуска суук, күндүз 0...+5 градустун айланасында жылуу болот.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
НАРЫН аймагында абанын түнкү температурасы -15...-20 градуска ал эми күндүз -4төн...-9 градуска чейин төмөндөйт.
БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрүп, түнкүсүн -5...-7, күндүз 0...-2 градус суук болот.
Күндүн узактыгы 10 саат 16 мүнөт.
Алина Кангелдиева

Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева даярдады.

Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG