Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Бейөкмөт уюм жетекчиси адилет шайлоонун болушуна күмөн


БИШКЕК. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов 9-январда «Президент Аскар Акаев шайлоо алдындагы үгүт иштери боюнча мыйзамды одоно бузуп жатат» деп билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, буга президенттин Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары менен жолугушууларда оппозициянын депутат болом деген өкүлдөрүн шайлабайлы деген чакырыктары негиз берет: Бул туура эмес көрүнүш. Президенттин ушундай үгүттөөсүнөн кийин президенттин жана жалпы бийликтин адилет шайлоо өткөрөбүз дегендеринин ишке ашышына күнөм саноого негиз пайда болот,-деди Э.Байсалов.
Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине көзөмөл салуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов президенттин жолугушууларда айткан сөзүн укпагандыгын жана ал тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG