БИШКЕК. 10-январга карата Кыргызстан боюнча депутаттыкка талапкер катары алты адам, тагыраак айтканда, Нарында 1, Таласта 4, Чүйдө 1 адам катталды. Жалпысынан 38 адам документ тапшырган. Бул тууралуу 10-январда «Азаттыктын» кабарчысына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын башчысы Нина Мухина маалымдады. Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык депутаттыка талапкерлерди көрсөтүү 21-декабрдан 18-январга чейин созулат. Ал эми парламенттик шайлоо 27-февралда өтөт.