ЖАЛАЛАБАД. «Кыргызстан элдик кыймылынын» жетекчилеринин бири Үсөн Сыдыков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган жок. Жалалабад облусундагы 10-январдагы жыйынын өткөргөн №23 Майлуусуу аймактык шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн - өзү көрсөткөн эки талапкердин арызын талкуулады. Шайлоо комиссиясы 2001-2002-жылдары Москвада Кыргызстандын КМШ өлкөлөрүндө өкүлү болуп иштеген, азыр «Кыргызстан элдик кыймылынын» штаб башчысы Үсөн Сыдыковдун талапкерликке каттоо арзын Конституциянын 56- жана шайлоо кодексинин 69-беренесине ылайык канаттандырган жок. Шайлоо комиссиясынын жыйынына катышкан 13 мүчөсүнүн 12си Үсөн Сыдыковго каршы добуш беришкенин Майлуусуу шаардык бийлигинен алынган маалыматтан улам белгилүү болду.