Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

БШК: Округдук шайлоо комиссиясынын алгачкы чечимине кысым жасалган


БИШКЕК. Бишкектеги №1 Университет шайлоо округдук комиссиясы Роза Отунбаеваны каттоого байланышкан 6-январдагы алгачкы чечимди отурумга катышкан айрым депутаттардын, Отунбаеванын, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын айрым өкүлдөрүнүн кысымы астында кабыл алган. Борбордук Шайлоо комиссиясы дүйшөмбүдө ушундай билдирүү таратты. Анда белгиленге караганда, округдук шайлоо комиссиясы мурдагы чечимин жокко чыгарган чечимди кайра кабыл алуу менен катачылыгын дароо оңдогон жана бул мыйзамдуу. Анткени, Конституциянын 56-беренесинде, Шайлоо кодексинин 69-беренесинде өлкөдө шайлоого чейин туруктуу 5 жыл жашабаган атуул шайлоого талапкер катары катыша албайт деп айтылат. Отунбаева БШКга тапшырган документи боюнча ал Кыргызстанга 2004-жылдын сентябрында келген. Ага чейинки акыркы жылдары Кыргызстандын Британиядагы элчиси, БУУнун Грузиядагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген деп айтылат маалыматта. Ушул эле күнү экс-элчи Роза Отунбаева «округдук шайлоо комиссиясына оппозиция тарабынан эч ким кысым көрсөткөн эмес» деп "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, депутаттар жана башка колдоочулар комиссиянын кечки жыйналышына гана келип байкоочу катары катышкан.


(Сүрөттө: 6-январда Университет шайлоо чөлкөмүнүн шайлоо комиссиясынын жетекчиси Инна Ким мурдагы элчи Роза Отунбаевага депутаттыкка талапкердин күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырып жаткан учур. Беш сааттан соң бул чечим кайра "жараксыз" деп табылган).

XS
SM
MD
LG