Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

ОППОЗИЦИЯЧЫЛ КҮЧТӨР ШАЙЛОО АДИЛЕТТИГИ ҮЧҮН КҮРӨШ ТОКТОБОЙ ТУРГАНЫН БИЛДИРҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Курамына беш саясий бирикме кирген оппозициячыл маанайдагы саясий форумдун жетекчилери 11-январда коомчулукка Кайрылуу менен чыкты. Алар парламенттик шайлоого талапкер катары катталбай калган Кыргызстандын мурдагы элчилеринин арыздары өлкөнүн сот органдарында каралганга чейин нааразылык акциясын токтото турууну өтүнүштү. Укук коргоочу Турсунбек Акун башында турган "Роза Отунбаеваны коргоо комитети" саясий кыймылдардын мындай Кайрылуусун четке кагып, сот бийлиги элчилерди парламенттик шайлоого катыштырууга уруксат бермейинче нааразылык акциясы улантыла тургандыгын жарыялады.

Бишкектеги нааразылык акциясы 7-январда башталды. Ага №1 Университет шайлоо округунун шайлоо комиссиясы Роза Отунбаеваны келээрки парламенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу чечим чыгарып, ошол эле күнү (6-январда) беш сааттан кийин шашылыш жыйын өткөрүп өзүнүн мурдагы чечимин жокко чыгаруусу себеп болгон.

Оппозициячыл күчтөр ошол эле күнү жыйын өткөрүшүп, шайлоо комиссиясынын мындай чечимин Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн түздөн-түз кийлигишүүсүнөн улам кабыл алынган саясий чечим катары баалоо менен нааразылык акциясын баштай тургандыгын эскертишкен.

Нааразылык акциясы төрт күндөн бери уланып келет.
Нааразылык акциясына байланыштуу курамына беш оппозициялык кыймыл кирген саясий күчтөр форуму 11-январда билдирүү таратты.

Билдирүүнү таркаткан КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморец өлкөнүн сот органдары жана парламенти элчилердин арызы боюнча чечим чыгарганга дейре нааразылык акциясын токтото турууну өтүндү:

- Кечээ биз көпкө сүйлөшүп мындай чечимге келдик. Саясий күчтөрдүн форуму Роза Отунбаеванын укугун коргоо боюнча болгон пикеттин катышуучуларына ыраазычылык билдирет. Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинен расмий жооп алгычакты пикетти токтотуп турууну өтүнөбүз.

КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморецтин жогорудагыдай сөзүнөн кийин Роза Отунбаева (сүрөттө) пикетчилерге кайрылып мындай деди:

- Турсунбек иним, мына силер «комитет түздүк» деп жатасыңар. Айланайын, сиңдилерим, инилерим, силер деле он жетисине чейин эс алгыла.

Ошондой эле Роза Отунбаева келечекте да саясий кыймылдардын саясий иш-аракеттери улана бере тургандыгын билдирди:

- Саясий күчтөр өз ишин токтотпойт. Мен мисалы, эч нерседен кайра тартпайм. Туруп берем. Мени Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзү да билет. Аскар Акаевди ким билсе, алар мени да тааныйт. Ошондуктан биз бир эле мен эмес, бардык адамдын укугунун корголушуна катуу туруп беришибиз керек. .

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов болсо аткаруу бийлиги 17-январга чейин кандайдыр бир чечим кабыл албаса, нааразылык акциясы кайра улантыла тургандыгын эскертти:

- Он жетисине чейин мыйзам чегинде иш алып баралы. Эгерде ага да баш ийишпесе, он жетисинен баштап пикетти кайра баштайбыз.

Ал эми "Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин" башчысы Турсунбек Акун болсо нааразылык акциясы токтотулбай улантыла тургандыгын айтып, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз нааразылык акциясын токтотпойбуз. Бийликтин адамдары (аянтка) келгенде эле кетип кала турган болсок, эл эмне деп ойлойт? Бул эмне дегенди түшүндүрөт? Биз "Отунбаеваны каттасын" деп жатабыз. Эгерде биз Отунбаеванын катталышына жетише албасак, бийлик эч кимди каттабайт. Оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды четинен бирден сүрүп шайлоого катыштырбай койот. Ошондуктан, биз пикетти токтотпошубуз керек.

Аткаруу бийлиги болсо атуулдардын нааразылык акциясына чыгуусун мыйзамсыз деп эсептөөдө. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин пикиринде, атуулдардын көрүнгөн жерге нааразылык акциясын өткөрүүсү мыйзамсыз жана ага жол берилбеши керек.

Ушул эле күнү төрт милиция кызматкери Турсунбек Акун пикетчилерден четтеп калганда аны дароо кармап, машинага күч менен салып кетүүгө аракет жасаган. Турсунбек Акунду милиционерлердин колунан пикетчилер араң ажыратып калды.

XS
SM
MD
LG