Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:14

Ош шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жолугушту


ОШ. Жолугушуунун жүрүшүндө Фергана өрөөнүндөгү укук коргоо уюмдарынын тармагы боюнча долбоордун ишке ашырылышы боюнча маселелер талкууланды. Долбоордун координатору Жанболот Төрөев жогоруда аталган үч өлкөнүн укук коргоо уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн, тажрыйба алмашуусун камсыз кылуу боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Жумушчу жолугушууда техникалык жана маалымат алмашуу багытында кызматташуунун маселелери жана укук коргоо уюмдарынын тармактануу чөйрөсүн өркүндөтүүнүн чаралары талкууланды. Эске сала кетүүчү жагдай, долбоор Нью-Йорктогу демократияны колдоо фонду тарабынан каржыланууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG