Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Акыйкатчы Шерниязовго байланыштуу иштерди иликтейт


БИШКЕК. Кыргызстан Акыйкатчысы Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болотбек Шерниязовдун айдоочусу Талант Тургуналиевди сабап кетүү, коркутуу фактысын иликтөөгө алат. Бул тууралуу 11-январда Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Акыйкатчы Шерниязовго тийиштүү «Ачакей» фирмасын салык органдары, Улуттук банк тарабынан үстөккө-босток текшерүүлөрүнүн да Тургуналиевди сабоого байланышы бар-жоктугун иликтөөгө алмакчы. «Атажурт» кыймылынын лидерлеринин бири Болотбек Шерниязов бул окуяларды өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, өлкөнүн күч органдары менен катар Акыйкатчыга да арыз менен кайрылган.

 

XS
SM
MD
LG