БИШКЕК. 11-январда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына элүүдөн ашуун адам нааразылык акциясын улантты. Алар Роза Отунбаеванын жана башка дипломаттардын шайлоого катышуусуна жол берүү талабы жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Пикет учурунда милиция кызматкерлери укук коргоочу Турсунбек Акунду машинага салып кетүүгө аракет жасашты. Бирок нааразылык акциясына катышкандардын кийлигишүүсү менен алардын аракети ишке ашкан жок. Турсунбек Акундун маалыматына караганда, ишемби күндөгү жөө жүрүш акциясына катышкандыгы үчүн аны Биринчи май райондук сотуна чакырышууда. Укук коргоочуга жөө жүрүш учурунда жол тоскон деген күнөө коюлууда.