Украин демократтарынын жеңишин Кыргызстан президенти А.Акаев момундайча мүнөздөгөн:
- Ыңкылаптын аркасы менен бийликке кимдер келишти? Кайдагы демократтар! Газ тармагын жетектеп келген айым өкмөт башкарганы турат. Эларалык издөөдөгү КМШдагы ашынган коррупциячы деп эсептелинген адам. Эми болсо, маркабат, ал революционер, демократ.
А.Акаевдин Грузияда жаңыланган бийлик жетекчилери тууралуу пикири:
- Карагылачы, Грузиянын президенти М.Саакашвили менен министрлери айлык маянасын белгилүү миллиардер Ж.Соростун колунан алышат. Итке минген кедей болсо да мамлекет башчысы министрлери менен кошулуп айлык маянасын мухиттин ары жагында жашаган бай адамдын колунан алганы кайсы тартипке сыят? Күнкорсуз мамлекет ушундай болобу?
Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги адаттан тыш эки окуяга карата эл менен расмий бийликтин позициясы кайчы чыгып калары таңгалыштуу деле эмес. А бирок да, Борбор Азиядагы «демократия аралчасы» аталышына куштар кыргыз бийлигинин боло элек ыңкылапты улам-улам айтып, ага эмитен эле эси-көөнүнөн кеткис сокку урууга камданып жатышынын артында кандай сыр катылып жатат?
Бишкек шаар тургуну Ишен мырзанын ырасташынча, боло элек ыңкылапты бийликтин өзү ойлоп таап, анысынан кайра өзү чочулоодо.
- Бул жерде деле болбой турган, болушу мүмкүн эмес революцияны Акүйдүн адамдары өздөрү ойлоп таап атышат. Өздөрү кайра элди чыр-чатакка, бүлгүнгө чакырып аткандай таасир калтырышууда.
1990-жылы Кыргызстанга саясий ачкалык жарыялоо «салтын киргизген» айтылуу «Ашар» коомдук кыймыл активисттеринин бири Ракийла Жусупова элдик аракеттен күчсүз бийлик гана коркот дейт.
- Менин оюмча, бул бийликтин алсыздыгы. Ошол Украина, Грузияны айтып атышат. Ушундай болуп кетпесин дешүүдө. Эгер чыныгы элдик күчтүү бийлик болгондо мындай коркуу - үркүүлөр чыкмак эмес.
Бишкек шаар тургуну Медет мырза азыркы бийликти ыңкылап эмес, шайлоонун ачык, калыс өтүшү көбүрөөк тынчсыздандырат деген пикирде.
- Шайлоо адилет, таза өтсө өздөрү колдогон адамдары өтпөй, койгон пландары ишке ашпай калышы мүмкүн деп ошондон чочулап атышса керек.
Парламенттин мурдагы депутаты Анвар Артыков элди жок нерсе менен коркутуу бийликтин парламент шайлоо алдындагы кезектеги амалдарынын бири деп эсептейт.
- Эч айла - амал калбай калганда минтип элди коркутуш керек. Коркунуч жок болсо аны ойлоп табуу зарыл. Коомчулуктун көңүлүн ага буруп коюп, анан өзүнүн планын аткарыш керек.
Азыркы бийлик каршылаштарынын төңкөрүш өткөрө алчу даремети жок. Ошондон бийлик ичтен душман издеп амал - айласын таппай турган чагы. Бул парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин пикири.
- Өй, баарыбызды чогултуп туруп Аскар Акаевич: «Айланайындар, силердин баарыңарга миң доллардан бердим. Революция жасап алгыла! Омийин, облоу акбар!», деп бата берсе деле оппозициянын бүгүнкү күндө төңкөрүш жасап иер кудурети, каражаты жок. Мунун баарын өзү ойлоп чыгарып атат.
Шайлоо алдындагы саясий күчтөрдүн тиреши эң алгач Интернет мейкинине чыгып, маалымат урушунан башталды. Бийлик ыңкылап алып келүүгө ниети бар деп каршылаштарын күнөөлөсө, алар ыплас оюндар жогортон башталууда деген кинени алдыга жайышууда.