НАРЫН. Мындай маалыматты «Кыргызстан коммунисттер» партиясынын Нарын шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Мурат Асакунов билдирди. Анын айтымында участкалык комиссиялардын курамына саясий партиялардын мүчөлөрүнө талапкер катары каттоо Нарын шаардык Кеңешинин 17-январда өтө турган сессиясына бир күн калганда, башкача айтканда 16-январда саат кечки бешке чейин болуш керек болсо, Нарын шаардык Кеңештин төрагасы Амантур Абдыкадыров 13-январга чейин документтериңерди тапшырбасаңар кечигесиңер, деп каттоонун мөөнөтүн кыскартып жатат. Мурун андай маалымат болгон эмес, деп маалымадады Мурат Асакунов.
Нарында участкалык шайлоо комиссияларынын курамына кирүүгө саясий партиялардын өкүлдөрүнө тоскоолдуктар көрсөтүлүүдө