Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Бейөкмөт уюмдар Коалициясы өкмөткө кайрылды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү шайлоо кампаниясын чагылдырууда мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан өлкөнүн Шайлоо Кодексин так аткарылышын камсыз кылсын. Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишин катуу көзөмөлгө алууга тийиш. Мындай талап менен «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы өкмөткө кайрылды. Кайрылууда учурда шайлоочулар өлкөдө болуп жаткан саясий жараяндар, окуялар жөнүндө так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жаткандыгы, мыйзамсыз мамлекеттик маалымат саясатынын жүргүзүлүшү атуулдардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна толук кандуу катышуу укуктарын бузууда деп айтылган. Коалициянын кайрылуусунда ошондой эле Өкмөттүк маалымат каражаттары соңку күндөрү оппозициялык партияларды жана алардын жетекчилерин каралоо максатын көздөп иштеп жаткандыгы, аларда оппозицияга байланыштуу жалган маалыматтарды жарыялоо аракеттерин токтотуунун зарылдыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG