Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Мамлекет башчы эки мыйзамга кол койду


БИШКЕК. Шейшембиде мамлекет башчы Аскар Акаев Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, Кыргызстандын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу эки мыйзамга кол койду. Мыйзамдардын биринчиси шайлоо комиссияларынын төрагалары жана комиссия мүчөлөрү Шайлоо Кодексин бузуп кылмыш кылган жерде кармалган учурда прокурордун макулдугусуз сот тартибинде жүргүзүлө турган кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мыйзамдардын экинчиси Кыргызстандын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы жана комиссия мүчөлөрү президенттин жана Жогорку Кеңештин макулдугусуз сот жообуна тартылбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG